Бишкекте унаа уурдоого шектелген жарандар кармалышты

Бишкек шаарында унаа уурдоого шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдына токтотулган Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Ш.Элесен жана А.Назар аттуу жарандар кармалышты. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан