Борбор калаада "кампага ууруга кирген" деп шектелген 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындан бир нече күн мурун "Ош базарындагы" товар сакталуучу кампаны белгисиз жарандар тоноп кетишкен. Анда алар жалпы суммасы 70 миң сомду түзгөн товарды алып кетишкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 2 өспүрүм кармалган. Учурда алардын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экени аныкталууда.