Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 25-мартта 1982-жылы туулган К.А. кармалган. Ал өлкөдөгү кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү. Кармалган адам “жеке ишкерден 300 миң сом алып, качып кеткен” деп айыпталууда. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.