Ошто жашырылган ок-дарылар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 25-мартта 1973-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалган. Андан жашырылган ок-дарылар, граната, колго жасалган жарылуучу зат, ок атуучу курал табылган. Алар “2010-жылдагы Июнь окуясын уюштурган жана ага катышкан” деп айыпталып жаткан Г.Д.М. аттуу жаранга тиешелүү болгон. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.