Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 26-март күнү саат 13:20 чамасында Кара-Көл шаарында болгон. Анда Хонда Аккорд унаасы каршы тарапта келе жаткан Фольксваген Пассат унаасы менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен эки унаанын айдоочусу жана 4 жүргүнчү денелеринен жаракат алышкан.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан