Чүй облусунда күйөөсүн өлтүрүп, унаа оңдоо үчүн казылган аңга көмүп койгон аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Москва райондук милиция кызматкерлерине оперативдүү маалымат келип түшкөн. Анда Беловодск айылынын 52 жаштагы К.Т. аттуу тургуну жашаган үйдүн короосунда белгисиз адамдын сөөгү көмүлгөнү айтылган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери унаа оңдоо үчүн казылган аңдан белгисиз адамдын сөөгүн табышкан. Дароо бул кылмышка шектүү катары 52 жаштагы К.Т. аттуу аял кармалган. Сурак учурунда ал кылган ишин моюнуна алып, 2002-жылы күйөөсүн бычак менен сайып өлтүрүп, агасы экөө көмүп коюшканын айткан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.