Базар-Коргон районунун тургуну өз ыктыяры менен ок атуучу куралды тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-март күнү облус аймагында “Издөө” операциясы жүргөн. Анын алкагында тургундарга түшүндүрүү иштери жүрүп, Бешик-Жон айылынын 1983-жылы туулган К.М. аттуу тургуну мыйзамсыз сакталган ИЖ К-16 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды өз эрки менен тапшырган. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.