Бакай-Атадагы Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын кызмат адамына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын кызмат адамы иштебеген айдоочу үчүн 2012-жылдан ушул кезге чейин айлык алып жүргөн. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.