Бүгүн, 27-мартта эртең менен Жогорку Кеңештин түндүк тарабында жайгашкан Панфилов сейил багындагы кафе өрттөндү. Кырсык саат 08:00 чамасында болгонун
SUPER.KG порталына күбөлөр билдиришти.
Алардын айтымдарында, өрт электр зымдарынын туура эмес туташтырылышынан улам чыккан. Өрт кафенин жанындагы аттракциондорго жеткен жок. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.