Келечек жаңы конушунда “5 жаштагы кызды зордуктаган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 2010-жылы туулган кыздын апасы кайрылган. Анда ал 37 жаштагы Нурбек аттуу коңшусу кызын зордуктап салганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары М.Нурбек кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.