Өлкөдө балдар арасындагы кылмыштуулук 2,4 пайызга азайды

2015-жылдын январь айынан бери жашы жете элек өспүрүмдөрдүн үйүнөн кетүүсү боюнча 51 факт катталган. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин жаш балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Артыкбаев билдирди. 
Маалыматка ылайык, учурда өлкө аймагында өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор көбөйтүлдү. Буга чейин алардын саны 468 болсо, азыркы тапта алардын саны 589га жетти.  
"Буга чейин өлкө аймагында "Кароосуз калган бала", "Лидер", "Камкор" аталышындагы рейддер жүргүзүлдү. Андан сырткары ишеним телефону да күнү-түнү иштөөдө. Бул иш-чаралардын натыйжасында балдар арасындагы кылмыштуулукту 2,4 пайызга төмөндөтө алдык",- деди Б.Артыкбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан