Бишкекте дүкөндөн спирттик ичимдиктерди уурдоого шектелген өспүрүм кармалды

Бишкек шаарында дүкөндөрдүн биринен спирттик ичимдиктерди уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 30 жаштагы К.Н. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар анын ири соода дүкөнүнөн жалпы суммасы 2600 сомду түзгөн спирттик ичимдиктерди алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 17 жаштагы К.А. аттуу Чүйдүн тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан