Канжар Кадыралиев ден соолугуна байланыштуу ооруканада жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, К.Кадыралиевдин Бишкектеги №1-шаардык клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүнө жатканы аныкталды. "Анын тергөөдөн жана соттон качуусунун алдын алуу максатында милиция кызматкерлеринен күзөт коюлду",- деп билдирет мекеме.
Айта кетсек, Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган болчу.
Канжар Кадыралиев Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы. Ал Ош шаардык прокуратурасында иштечү.
Учурда тергөө амалдарды жанданып, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.