Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын 10-тобунун оперкызматкерлери Сирияга согушка кеткен дагы бир жаранды аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. "Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде Базар-Коргон районунун тургуну, 1982-жылы туулган Дехканов Одилжан Махкамжанович 2014-жылдын күз айларында Сирия
мамлекетине эл аралык террористтик уюмдардын катарына куралдуу согушка
жалданып кеткендиги аныкталды",- деп билдирет мекеме.
Учурда тиешелүү документтер топтолуп, материал УКМКга өткөрүлгөнү жатат.