Ош-Бишкек жолундагы кокустуктан Жигули автоунаасы өрттөнүп кетти

Ош-Бишкек жолундагы кокустуктан Жигули автоунаасы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Кокустук 27-мартта саат 06:30 чамасында болгону, жабыркагандар жок экени айтылды. "Бишкек-Ош жолунун 268-чакырымында (Токтогул районуна караштуу Чычкан капчыгайында) Ош облусунун Ноокат районундагы Жар-Коргон айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Садырбек уулу Белекбай өзүнүн ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү автоунаасы менен Бишкек шаарына бара жаткан учурда унаанын алдынкы капот жагынан өрт чыгып, автоунаасы толугу менен күйүп кеткен",- деп билдирди ОИИБинин маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан