ИИМдин Өздүк коопсуздук башкы башкармалыгы кесипкөй эмес кадрлардан милициянын курамын тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы 28-мартта билдирди.
Маалыматка таянсак, аталган башкармалыкка административдик тартип бузуу фактысы боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн Жол-кайгуул кызматкеринин 5000 сом пара талап кылып жатканы тууралуу И.Х. аттуу жарандан арыз түшкөн. Ыкчам иликтөө учурунда аталган сумманын бир бөлүгүн: 3000 сом алып жаткан учурда ортомчулар кармалышты. Шектүү жарандын өзү жашырынып жүргөнү айтылды. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө иштери жүрүүдө.