Канжар Кадыралиевди 1 айга камакка алууга сот чечими чыкты

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Канжар Кадыралиевди 1 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу 28-мартта Жогорку Соттон билдиришти. 

Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган болчу. 26-мартта Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.  

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурасында иштечү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
danyshman
2015-03-28 13:09:24
Эмнеге бир ай камака алынат?сот прокуратура иштесенер тегиз иштегиле да.Кыйын кылмышкерди аяп,бечера тоок уурдаганда суроо сопкут кылбай биротоло камап жибересинер.Ылайым каргыш тийсе экен жаман иштеген сот прокурорлорго.
+16
nazira1989
2015-03-28 22:33:28
danyshman,айтканын келсин ооомииииййн...
+3
Bektur2
2015-03-28 14:18:21
Бир айдан кийин уй камагына чечим чыгарышат ашып кетсе эки жылдан кийин акталып конгон окатын кылып журо берет жок дегенде кучко салып тартып алган мулкун элерине кайтарып берсе болду
0
tursunbaev2004
2015-03-28 22:12:32
Bektur2,эки жыл эмес, сот залынан акталат куноосу далилденген жок деп.
0
adilbars
2015-03-28 15:10:01
Камай албайсынарда, мурдунардын тубундо жургон адамды суранып чакыртып, эл козуно озу келди деп, анан ооруканада журуптур десенер, бур аны издеп жургондор ооруканадан мурун эле таап алмак да, жаны ген.прокурордун уйундо журсо керек бекинип!
+6
zoor
2015-03-28 15:24:37
Ыргал бар жерде Жыргал бар.
+7
Samat81989
2015-03-28 15:53:33
суйлошулгонда уже баардыгы.чечим сотон мурун чыгарып койушса керек
0
Ayka1994
2015-03-28 15:54:23
Канжар Кадыралиев актёрдагын беле а жанагы "Карт Бойдоктогу" жигит э бул.
+2
bakyt_2015
2015-03-29 00:05:52
Ayka1994, Ооба карындаш"Беш кемпирдеги" уй тебелеген кумга барган да ушул.
+3
Ayka1994
2015-03-28 15:55:25
Эмне болду?, кандай кылмыш жасаптыр, не себептуу камоого сот чечим чыгарды
0
semakg
2015-03-29 01:18:14
Ayka1994, деген кыз бугун кокустуктан эле бул болумго кирип калганго? Кызык ушундай адамдарда бар экен э? Карт бойдокто Камчы Сарыбаев ойногон. Тынар айткандай бир артист депутат болот же бир аферист депутат болот дегендей Канжар Кадыралиевда ошо экоонун бироосуда же экоосубу?
+1
mers8
2015-03-28 16:33:24
Аука1994 карындашым канжар мурун актёр болгон эмес эми болуп атат актёр мурун ким болгонун теманы жакшылап окуп чыксан анан билесин мурун актёр болгон болбогонун
+4
mers8
2015-03-28 16:36:25
Карт бойдок кинону кордун беле карындаш
0
beka1207
2015-03-28 20:14:16
Адилеттуу жазасын берсин эми,буйтатып жибербей
0
kama_future_millioner
2015-03-28 20:25:13
Азгоооо мыйзам баарына бирдей иштесе жакшы болмок
0
incognito1
2015-03-28 23:11:26
"26-мартта Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон."
Силерди билбейм, мен ал камакка алынбай эле ооруканага жаткрылган деп тушундум))
+1
Jaz3
2015-03-29 07:52:32
эми ыргал ак жеринен каралашты акамды деп компенсация тологуло деп бакырбаса болду э кудай каратып туруп элди уруп ойнобойсунар го
+3
misster88
2015-03-29 16:50:27
Иштебеген мыйзам жалан бе бечарага иштешйт.
+1
kerakg
2015-03-29 19:15:26
Качып кетти деп дуу кылбай озу келди кылып актап чыгарып койгула, бечараны оорукчан болсо камабастыр, даарланууга курортко жиберишет чыгаар.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан