Өзгөн шаарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөө 28-март күнү саат 10:28 чамасында болгон. Анын очогу Ак-Жар айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Өзгөн шаарынан 15 чакырым түштүктү карай жайгашкан. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.