Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-март күнү саат 15:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымдарында каар жаап, бороон болуп жаткандыгына байланыштуу унаа тыгыны пайда болгон. Мындан улам саат 19:00дө “Сосновка” посту жалпы унаалар үчүн жабылган.
Учурда тыгында жалпы 200-250гө жакын унаа турат. Ошондой эле айдоочулардын жайкы дөңгөлөктөр менен жолго чыгып алышканы тыгындын пайда болушуна себеп болгон.