Бишкекте белгисиз айдоочу 1-класстын окуучусун тебелеп, качып кетти
7-ноябрда саат 13:30дар чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен Сухомлинов көчөсүндө батышты көздөй баратып, жөө жүрүүчү 1-класстын окуучусун сүзүп кеткен. Окуучу кызга медициналык жардам көргөзүлүп, сол бутунан жаркат алгандыгы аныкталды. Бул факты боюнча материалдар Бишкек ШИИБинин Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, белгисиз айдоочунун издөө жүрүүдө.