"Майлуу-Суу жылуулук жабдуу" ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

"Майлуу-Суу жылуулук жабдуу" ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган ишкананын кызматкерлери 2014-жылдын апрель айында 140 метр түтүктү белгисиз адамга сатып жиберишкен. Мындан улам мамлекетке 210 миң сом зыян келтирилген. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан