Аламүдүн районунда уурулукка шектелген эки өспүрүм бала кармалды

Аламүдүн районунда уурулукка шектелген эки өспүрүм бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 59 жаштагы Э.Б. аттуу жаран кайрылган. Анда ал кымбат баалуу эки велосипедин белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 16 жаштагы Б.А. жана 17 жаштагы А.Ж. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан