“Кең-Булуң-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайында казак жараны башка бирөөнүн паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, казак жараны кечээ, 29-мартта чек арачылар тарабынан кармалган. Ал кыргыз жерине башка бирөөнүн паспорту менен кирүүгө аракет кылган. Учурда ал адам милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.