Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын мурдагы ректоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын 25-февралында Коррупцияга каршы кызматына О.Д.Т. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Мамлекеттик башкаруу академиясынын мурдагы ректору Ш.Ч.Б. кызмат абалынан пайдаланып, 450 миң сом акча каражатын мыйзамсыз алганын айткан.
Ошондой эле аталган окуу жайдын мурдагы ректору ижара акысын төлөө боюнча инструкцияны бузуу менен ай сайын ижарачылардан 60 миң сомдон алып турганы аныкталган. Мындан улам мамлекетке 300 миң сомдон ашуун зыян келтирилген.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында өлкө башчынын жарлыгына ылайык, Чыңгыз Шамшиев Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору кызматынан бошотулган.