Бишкекте Индиянын жаранын тоногондор кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 21 жаштагы Индиянын Ш.М. аттуу жараны кайрылган. Анда ал 25-март күнү Киев-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз эки адам коркутуп, акчасын алып кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Т.Б. жана 23 жаштагы Ж.У. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.