Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген 50 жаштагы аял кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Чүй облусунун эки тургуну кайрылган. Анда алар Мунара аттуу аял “ипотекалык кредит боюнча документтерди топтоого жардамдашам” деп биринен 4500 доллар, экинчисинен 11 000 доллар алып, андан соң из жашырып кеткенин айтышкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 50 жаштагы А.М. аттуу аял кармалып, “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан