Ысык-Ата районунда курулуш материалдарын уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 48 жаштагы Б.Ю. аттуу адам кайрылган. Анда ал 27-март күнү белгисиз адамдар үйүндөгү курулуш материалдарын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары мурда бир канча жолу соттолгон 29 жаштагы П.Т. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.