“Катуу сабалып, зордукталды” делген 2 жаштагы баланын атасына карата сот өкүм чыгарды

“Катуу сабалып, зордукталды” делген 2 жаштагы баланын атасына карата сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-март күнү Аламүдүн райондук соту “катуу сабалып, зордукталды” делген 2 жаштагы наристенин атасы, 41 жаштагы Назар Түлибековдун ишин караган. Жыйынтыгында сот аны “жашы жете электерди тарбиялоодо милдеттерди аткарбоо” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 2 жылга жатак-абагына кескен.

Айта кетсек, 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы жана анын аялы эки айга камакка алынган. Кийин баланын атасы да камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
bom.bon
2015-03-30 17:07:24
Атасы да ойноп журбогонда баламдын келечеги деп иштеп журсо керек!жебеген ашка акча толоткон жаманда
-1
bakyt_2015
2015-03-30 17:48:07
Бул киши да ооруп атам десе эмне болмок,ооруганын урбайт эле ээ.Эмне себептен Келдибеков,Кадыралиев дегендерге да ушундай тез арада чечкиндуу чечим кабыл алалбайт же булар озгочо жаралганбы,же периштеби. А тиги шорун каткырдын чындаса куноосу деле жок да.Мынтип баласын туугандарына таштап иштегендер бизде миндеп саналат. Анда ошонун баарын эки жылдан камап салсын баланды карабадын деп.Кызык деги баласы бироодон кордук коруп комада жатса, олгондун устуно комнон кылып атасын соттогону кандай.
+5
Arti
2015-03-30 17:56:49
2 жылга жатак эмес, үй камагына кессе туура болмок. Бала энелик мээриминен ажыраганын аз келгенсип, ата тарбиясын да корбой чоӊёт экен да ээ. Бул соттор айнып калганбы? Ал бала 4 жашка келгенде "Ата мурда каякта элеӊ" десе не деп жооп берет? Не "сени мен дабатда жургондо 2 жашында акен зордуктап койгон, анан мен да ошонун айынан абакка тушком" деп айтабы. Ээ айта берсен арман коп.
0
aika1405
2015-03-30 18:03:59
Ушунча окуядан сон баланын энесинин кабар албаганына тан каласын тобоо.
0
hairullo
2015-03-30 18:06:09
Эй кыргыздар неге ушундай корунуштор улам-улам кобойуп баратат. Себеби баарын озубуз куноолубуз, ниетине жараша тагдыры демекчи, биздин ыйманыбыз томондоп кеткен. Акча берем десе адам кылбаган иштерди кылабыз, напсибиздин кулу болуп калганбыз, жараткандан коркуу деген жок, бандит-рекэттерден, кембагал болуп калыштан жан алгычтан корккондой коркобуз. Ушундай корунушторду тыя турган чыныгы азаматтар барбы
0
karona
2015-03-30 19:13:08
Жаман эле болду. Баланын апасы дагы деле кабар албаган болсо ал кандай эне? Азыркы кыздар ээрте эле оолугуп ТУРМУШка чыккысы келет, турмушка чыкканда эле жыргап кете тургансып, аягы ушуга окшогон жагымсыз окуя менен аяктайт. Канчалаган балдар тируулой жетим болуп жатышат. Айланайын кыздар, ээрте эле куйоого шашпагылачы!? Бала тарбияламак турсун озунор али баласынар да!
+1
Aitunuk
2015-03-30 20:52:58
Баланын энесинин биринчи эмес, бул экинчи турмушу, мурдагы күйөөсүнөн кыздары бар деген маалымат берилсе керек эле, жана энеси келди деген да билдирүү чыккан.
0
Aitunuk
2015-03-30 21:04:34
Багыш колунан келбегенден кийин энесинен алып калбаш керек эле. Кыргызда бекер айтылган эмес да "ата атаганга гана" деп. Эч убакта эркек балага энедей мээрим төгө албайт, анткени тогуз ай көтөрүп, сөөк-саагы сөгүлүп жараткан эмес.
-3
bolot00
2015-03-31 00:49:44
камабаш керек болчу баласын ким карайт еми айнып калбадыбы биздикилер зордуктаган адамды кату жазалаш керек
0
samidinova84
2015-03-31 01:46:15
Бедность это не наглость.кичине кайрымдуу чечим чыгыарса болмок.мындай жалгыз бой,карапайым адамга колдоо корсотсок туура болмокбу.
0
Manasemetei
2015-03-31 03:23:16
бишкекте стройкада иштеп жургон элего атасы.
0
meerim94
2015-03-31 04:43:22
ал баланын келечеги эмнеболот2 жыл абакта жатып кайра чыгат дейлиал акмак! бей куно баланын келечегин ким ойлойт тагдырын козу ачыл элек талкалаган акмак! аларды азапка салып ана камооокерек буларга закон жок ток уй уурдагандарды 5 10жылга кесет бала зордуктаган олтургондор 2 3 жыга кесилет АДЕЛЕТТУЛУКБАРБЫ ДЕГИ
0
zarifa_love
2015-03-31 08:46:24
Тан калыштуу сот экен тооба.Бизде эч адилетуу сот жок.чынында Эми Балканы Пушкин келип карацбы?
0
Pantherka
2015-03-31 08:59:32
Ушу биздикилер керек эмес жерден адилеттуу болуп чыга келишет да !!!!
0
Ailyna
2015-03-31 15:05:34
Атасы 41 жашта экен.39 жашында уйлонгонбу? 39 жашка чейин эмне кылып жургон тушунуп болбойт.Озун эптей албаган бир адам окшойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан