"Орто-Сай" базарынын жанында сабалган жаран досунун аялына көз арткандыгы үчүн токмок жеген

27-мартта Бишкектеги "Орто-Сай" базарынын жанында сабалган жаран досунун аялына көз арткандыгы үчүн токмок жеген. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта күч органдарындагы өздүк булак билдирди. Анын айтымында, сабалган жигит досунун аялына SMS жиберип, күйөөсүнүн Бишкекте жоктугунан пайдаланып чер жазууну сунуштаган.

Сабалган адам досу Ошто жүргөн кезинде анын аялына кат жазып, кафелердин бирине чакырган. Келин жолдошу келгенде “сен тамашалап жатасыңбы, досуң мени бирге чай ичип кетүүгө чакырды” деген. Мунун калп-чынын текшерүү үчүн күйөөсү досуна аялынын атынан SMS жазып, жолугууга чакырат. Дал ошол кезигүү “Орто-Сай” базарынын жанында болгон. Эки киши мушташа кетишип, досунун жубайына көз арткан бала канжалап калган. Жабыркаган жигит арыз жазбагандыктан, бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон эмес”,- деп билдирди өздүк булак.

Эскерте кетсек, өткөн аптанын жума күнү Бишкектеги "Орто-Сай" базарынын жанында саат 19:00 чамасында 30-35 жаштардагы жаранды белгисиз адамдар сабап кетишкен. Окуя болгон жерде бети канжалаган жигитти эки бала колунан кармап, телефон чалдырбай жана эч жакка кетирбей кармап турушкан. Муну көрүп чогулган адамдар милиция чакырып, "сабалган кишини бошоткула" деп кыйкырып жатышкан. Бирок мушташтын өзүн көргөн күбөлөр жок болгон. 20 мүнөт өткөндө милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, сабалган адамды унаага салып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bektur2
2015-03-30 16:41:52
Андай ангилерди жанчмак турсун апаратын жулуп салыш керек болчу. бирок эрке экен арыз жазбай куносун билип.
+1
admin_media
2015-03-30 17:18:25
Bektur2 - эскертүү!
Провокацияга жол жок!
0
bom.bon
2015-03-30 17:13:32
Ошоо...
Кайсы бети менен арыз жазат.
0
Deesmond
2015-03-30 17:54:25
bom.bon, вот именно

Өлтүрүп койбоптур да
+2
fora
2015-03-30 20:11:36
Андай достордон Кудай сактасын
+2
beka88
2015-03-31 10:43:31
сага жана мага эн жакын дос, жалгыз АЛЛАХ гана ал ар кандай учурда жанында болот,
0
abdykadyr
2015-03-31 16:35:22
Келин да молодес жолдошу да молодес.Андай досту оозун кан жалаткан аздык кылат.Башын бурап жулуп алыш керек эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан