Токмокто уурулук жасоого аракет кылган эки бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине “Т” ишканасынын кызматкери кайрылган. Анда ал 30-март түнү Токмок шаарындагы “Береке” базарындагы контейнердин кулпусун белгисиз адамдар сындырууга аракет кылышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Э.Б. жана 17 жаштагы М.С. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.