Аламүдүн районунда жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Аламүдүн районунда жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, Ауди үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Аламүдүн районуна караштуу айланма жолдон Хонда үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Натыйжада Хонданын 41 жаштагы жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми Ауди үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 1 сааттан кийин Аудинин 34 жаштагы айдоочусу кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө жүрүүдө.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан