Чүй районунда 48 жаштагы аялды эч себеби жок сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 48 жаштагы И.К. аттуу Жетиген айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 28-март күнү чала тааныш адам эч себеби жок аны сабап, денесине зыян келтиргенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 54 жаштагы Д.М. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.