Токмок шаарындагы №1-психоневрологиялык мекеменин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун 5-башкармалыгы жана Чүй районунун прокуратура кызматкерлери тарабынан аталган мекеменин 2014-2015-жылдагы бюджети текшерүүгө алынган. Анын негизинде психоневрологиялык мекеменин кызмат адамдары мамлекетке 74 миң сомдон ашуун зыян келтиришкени аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.