Балыкчыда катталган катуу шамал мектептердин жана турак жайлардын шиферлерин учуруп кетти

Балыкчыда катталган катуу шамал мектептердин жана турак жайлардын шиферлерин учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Балыкчыда катталган катуу шамал №10-мектептин 52 даана шиферин, №29-мектептин 52 даана шиферин, №6-мектептин 20 даана шиферин, №4-орто мектептин 15 даана шиферин жана Жантөшев көчөсүндөгү №42-турак жайдын 15 даана шиферин, Чкалов көчөсүндөгү №193-турак жайдын 40 даана шиферин жана “Биосфера” дирекциясынын профнастил менен жабылган 150 чарчы метр чатырын шамал учуруп кеткен. Учурда катуу шамал токтой элек. Анын ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жетүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Patriot...kg
2015-03-31 09:58:32
Опа
0
AJow
2015-03-31 10:18:17
#10 мектептин шифери шамал болгон сайын учат)) бизге жанылык деле болбой калган!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан