Ысык-Көл районундагы турак жайлардын биринен үй ээсинин жана аялынын жансыз денеси табылды

Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айылындагы турак жайлардын биринен үй ээсинин жана анын аялынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, турак жайдан өрт чыгып, анда бөлмөдөгү керебет, палас, жумшак орундук сыяктуу бир катар үй оокаттары күйүп кеткен. Өрт чыккан жерге барган өрт өчүрүүчүлөр үйдөн 40 жаштагы үй ээсин жана анын 33 жаштагы аялын табышкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар түтүнгө ууланып каза болушкан. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан