Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Панфилов районуна караштуу Ровное айылында фин тибинде курулган, жалпы аянты 100 чарчы метр үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Кара-Буура районуна караштуу Үч-Булак айылындагы турак жайлардын биринен өрт чыкты. Натыйжада жыгач устундуу, шифер жабылган 24 чарчы метр сарайдын чатыры, шкаф, унаанын дөңгөлөктөрү, 2 куб отун, 2 куб тактай жана 6 даана шифер күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.