Сокулук районунда 125 килограмм героинди чет өлкөгө алып кетмекчи болгон 3 чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-март күнү Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Түркия-Иран-Түркмөнстан–Тажикстан-Кыргыз Республикасы-Казакстан-Орусия-Бельгия каттамы аркылуу баңгизат ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышкан. Алардын унаасын тинтүүдө унаанын алдында жашыруун жайгаштырылган героин салынган 240 кутуча табылып, анын жалпы салмагы 125 килограммды түзгөн. Учурда кармалган жарандар Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кармоочу жайына камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.