Чүй облусунун тургуну таап алган согуш гранатасын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 50 жаштагы Д.А. аттуу облус тургуну кайрылган. Анда ал Чүй каналынын жээгинен РГД-5 үлгүсүндөгү граната таап алганын айтып, өз эрки менен тапшырган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.