Бишкекте "чалып алайын" деген шылтоо менен уюлдук телефондорду уурдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары кармалган Кара-Балтанын 20 жаштагы тургуну "Ош базарынын" айланасында уурулук менен алектенип келген. Ал "телефон чалып алайынчы" деген шылтоо менен жабырлануучулардын уюлдук телефондорун сурап, андан соң качып кетчү. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.