Чүй облусуна караштуу Дмитриевка айылында пенсионердин үйүн тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары кармалган 22 жаштагы жаран аталган айылдагы турак жайлардын бирине терезе аркылуу кирип, баалуу буюмдарын алып кеткен. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.