Чүй облусунда жер мыйзамынын одоно бузулушу боюнча кылмыш иши козголду

Чүй облусунда жер мыйзамынын одоно бузулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылы Красновосточный айыл өкмөтүнүн жана Жайыл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан 5 жаранга айыл чарбага керектүү жер тилкеси берилген. Бирок жер тилкелерин берүүдө бир катар мыйзам бузуулар катталгандыктан, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “жер мыйзамын бузуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан