Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер силкинүү 30-мартта саат 22:49 чамасында болгон. Анын күчү 3 баллга жетип, очогу Таш-Кыя айылынан 12 чакырым түштүк-батышта жана Кадамжай шаарынан батышты карай 13 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.