Чүй облусунда унаа уурдоого шектелгендер кармалышты

Чүй облусунда унаа уурдоого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ак-Суу айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 30-март күнү белгисиз жарандар Беловодск айылынан анын Мазда үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жана 17 жаштагы Кайыңды айылынын эки тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан