Борбор калаада тоноочулукка шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар күч колдонуу менен анын уюлдук телефонун жана 1000 сомун алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жана 38 жаштагы эки жаран кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.