Кара-Көл шаардык мэриясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин Кара-Көл шаардык мэриясынын балансында курулуп бүтө элек турак үй болгон. Аны куруп бүткөрүү үчүн бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, тендер жарыяланган. Анын негизинде «3П» ишканасы жеңүүчү аталган. Бирок курулуш иштеринин жүрүшүндө баалар негизсиз жогорулатылып, 1 миллион 320 миң сомдон ашуун мамлекетке зыян келтирилген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.