31-мартта өлкө аймагында 14 жол кырсыгы катталып, 21 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 жол кырсыгы катталган. Ошондой эле өткөн сутка ичинде 1775 жол эрежесин бузуу фактылары катталып, 82 унаа айып жайга токтотулган.