Чүй районундагы жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышы боюнча кылмыш иши козголду

Чүй районундагы Сайлык айыл аймагынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган айылдын кызмат адамдары “5374 чарчы метр жерди мыйзамсыз сатышкан” деп айыпталышууда. Ал жер башка жарандын менчигинде болгон. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан