Ош облусунун Араван районундагы Нур-Абад айыл аймагында 1-апрелде саат 21:30 чамасында Хонда Жаз унаасы (мамлекеттик номуру О 21-06АТ) Фергана каналына түшүп кеткен. Ал Нур-Абад айыл аймагынын Лангар айылынын тургуну, 1955-жылы туулган Ж.Тороевге таандык болгон. Унаанын ичинде канча адам болгондугу белгисиз. Жергиликтүү тургундардын күчү менен саат 23:00дө унаа каналдан чыгарылган, бирок анда жарандар болгон эмес.
ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жергиликтүү тургундар тарабынан унаанын айлана-тегерегине издөө иштери жүргүзүлгөн, бирок эч ким табылган эмес. Унаанын ээси Ж.Тороевдин да жүргөн жери дайынсыз болгондуктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине издөө иштерин жүргүзүп берүү боюнча кайрылышкан. 2-апрелде саат 08:00дө ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ош шаарынан чыгып кетишти.