Өткөн сутка ичинде 11 жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1 жол кырсыгы болгон. Ошондой эле катталган жол кырсыктарынан 16 адам жабыркаган.
Кечээ, 1-апрель күнү Кызыл-Жар – Шамалды-Сай унаа жолунун 8-чакырымында 39 жаштагы айдоочу унаасы менен бакты сүзүп алган. Анын кесепетинен эки адам жабыркап, бир адам каза тапкан.