Чүй облусунун тургуну 18 килограммдан ашык кара куурай менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 31-март күнү Жайыл районунда милиция кызматкерлери тарабынан БМВ унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында унаанын ичинен 18 килограмм 725 грамм кара куурай алынган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Кара куурай 28 жаштагы Д.Н. аттуу жаранга тиешелүү болгон.